Кытайдын түштүк-чыгыш тарабындагы Хунань аймагында көпкө созулган жаандан улам сел жүрүп, кеминде 83 адам каза болуп же дайынсыз. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматта белгиленгендей, 28 адам көчкүнүн, 22си кулаган имараттардын алдында калса, 13үн сел агызып кеткен, 4өө чөгүп кетсе, 16сы дайынсыз.
Нөшөр 22-июнда башталып, 12 миллиондой тургунга залакасын тийгизген, 1,6 миллион адам эвакуацияланган, 470 миңи жардамга муктаж. Кырсыктан 53 миң үй, 350 миң курулуш жабыркады.
Куткаруу иштерине 52 миңден ашуун аскерлер, полиция кызматкерлери жана куткаруучулар катышууда.