Депутат Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум саат 14:00дө уланат

Бүгүн, 10-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча соттук отурумда күбө катары депутат Алмамбет Шыкмаматов суралмак. Бирок анын соттук отурумга келбей калгандыгы үчүн Салянованын жактоочусу соттон отурумду жылдырып турууну өтүндү.

Сот тараптардын макулдугу менен ишти кароону саат 14:00гө жылдыруу чечимин чыгарды. Шыкмаматов белгиленген убакытта келип көрсөтмө бере тургандыгы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан