Ысык-Көлгө эс алууга бара жаткандардын унаасы менен жергиликтүү тургундун унаасы сүзүшүп, кырсыктан 4 адам каза болду. Жабыркаган 5 адам ооруканада (Тизме)

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, 4 адам каза болду. Бул тууралуу 10-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Тоң районуна караштуу Кулунду айылында кечээ саат 13:00 чамасында болгон. Анда Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа менен Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа кагылышып кеткен. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барышып, унаага кыпчылып калган адамдардын жансыз денесин чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маалым болгондой, Субару Легасинин айдоочусу 29 жаштагы Улан Сейитказиев унаасын айдап бара жатып каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада эс алууга бара жаткан Бишкек шаарынын тургуну 1958-жылы туулган Кабылбек Жунушкожоевдин унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктан каза болгондордун арасында экинчи унаанын айдоочусунун аялы Назгүл Толоева бар. Жол кырсыгы боюнча материалдар ички иштер органдары тарабынан каралып жатканын Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмеси:
- Назгүл Толоева, 1973-жылы туулган. Бишкек шаарынын тургуну. Окуя болгон жерден каза болгон.
- Бактияр Ражапов, 1980-жылы туулган. Балыкчы шаарынын жашоочусу. Окуя болгон жерден каза болгон.

- Ырыс Бейшенбек уулу, 1999-жылы туулган. Ооруканага алып бара жатканда көз жумган.
- Улан Исаков, 1986-жылы туулган. Балыкчынын ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

- Нургүл Кокоева, 1976-жылы туулган. Бишкек шаарынын тургуну. Ооруканада дарыланып жатат.
- Азим Молдалиева, 1991-жылы туулган. Ооруканада дарыланып жатат.
- Алина Алмазбекова, 2002-жылы туулган. Нургүл Кокоеванын кызы. Ооруканада дарыланып жатат.
- Улан Сейитказиев, 1988-жылы туулган. Субару Легасинин айдоочусу. Ооруканада дарыланып жатат.
- Кабылбек Жунушкожоев, 1958-жылы туулган. Хонда Стримдин айдоочусу. Ооруканада дарыланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-10 11:09:22
Кырылып эле баратат кырылгыс..
-8
nur...nur.
2017-07-10 11:13:53
Жаткан жери жайлуу болсун каршы тилкеге эмнеге чыгат акшындап баарынын олумуно бир адам себепкер болуп
+8
Sveta23
2017-07-10 11:25:44
дагы эмне болуп кетти саарлап. Кечээ эле Токмокто эс алып келаткан төртөө өлдү эле. бүгүн булар. урматтуу ардактуу айдоочулар ысыктын күнүндө шашпастан эрежелерди сактап кылдат айдаңыздарчы. Анткени силердин колуңарда канча адамдардын өмүрү аманат.каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. аябай өкүнүчтүү. артында канча ый калды
+9
Izdeim_seni.
2017-07-10 11:27:51
kydai saktasun. kee bir aidoochylar takur jol erejesin saktashpait. kancha beikynoo adamdar kaza bolyshty
+2
nurbekasr
2017-07-10 12:02:08
Күндө эле автоавария кырсык,каза болгондор.Каза болгондор жаны жаннаттан болсун,билип билбей жасаган күнөөлөрүн Аллахым кечирсин.Жакындарына сабыр.Жолдо этият болгулачы айдоочулар,кайда шашасыңар билбейм.Баардык айдоочуларга кайрылып кетем шашпай айдагыла эрежеге так болуп,шашкан шайтандын иши.Барчу жериңерге бир азга кечигип барсаңар эч нерсе болбойт.Эң башкысы адам өмүрү кымбат,жакындарыбызды сактайлы туугандар.
+4
taalay25
2017-07-10 12:04:02
Срочно ГАИнин посторун кучтондуруш керек кайра
+7
Nuret94
2017-07-10 12:04:53
Аллахым Бейишинен орун берген болсун,
Ооруканадагыларга Аллахым шыпаасын берсин.
+2
haydarkan
2017-07-10 12:11:04
Бейишинен берсин АЛЛАХЫМ.Шашпагылачы урмamуу айдоочулар он мунот эрте барбасанар он мунот кеч барасынарго
+5
1234567890aslan
2017-07-10 12:21:28
Арты кайрылуу болсун, окунучтуу,айдоочулар абайлагылачы деги
+2
Beka9393
2017-07-10 12:31:15
Каза болгондордун арты кайрылуу болсун!
0
Aser80
2017-07-10 13:11:38
Артты кайырлуу болсун. Ушундай авариянын келип чыкканын карасак кобунчо эле кырсыкка себепчи болгондор жашы 18-30дагы жаш айдоочулар. Булар опколонуп катуу айдашабы, же праваны сатып алышкан учун жол эрежесин билишпейби. Карасанар качан болсун бироону олтуро сузуп качып кеткендер да кармап териштирсе жалан жапжаш айдоочу улан-кыздар
0
Take_men
2017-07-10 14:18:07
Дагы эле Легаси. Легаси минип алып Феррари мингендей сезип калышат оздорун. Канча адамдын омуру кыйылды. Жандары Жаннатта болсун
+1
wwwbaxa
2017-07-10 15:35:34
МАИ кызматкерлери сезон убагында жакшы караш керек да ар бир км ге турушсун керек болсо.Канчалаган адамдар кайтыш болуп жатат камера коюш керек тезинен ошондон коркуп да акырын айдашат...
+1
wwwbaxa
2017-07-10 15:45:23
wwwbaxa,
0
Ali-91
2017-07-10 16:30:38
Айдоочулар эрежени сактагыла.Ансыз дагы аз Кыргызды кырып бүтмөй болду автокырсыктар.
+1
Aidani
2017-07-10 17:55:09
Гаилерин ыссыкта чыкпайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан