Бишкектеги пабдардын биринде 1989-жылкы шаар тургуну октон каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 10-июлда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тургундун өлүмү тууралуу маалымат 8-июлда түшкөн. Жерине ыкчам иликтөө тобу барганда эркек кишинин жансыз денеси табылган. Ал төшүнө тийген октон улам каза болгон.
"Каза болгон Ж.А. 1989-жылкы шаар тургуну. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жерден алыс эмес арыктан травматикалык револьвер табылган. Кылмышка шектелип 1990-жылкы Э.И. аттуу шаар тургуну кармалган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголду, бир катар экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталды", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Окуя Chicago pub & karaoke пабында орун алганы белгилүү болду. Бул окуя Ж.А. аталган жайда иштеген кызды Э.Иден кызганганынан улам болгону болжолдонууда.