Ысык-Көлдө кечээ дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси суудан табылды

Кечээ, 9-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Ак-Суу районунун тургуну, 46 жаштагы эркек киши дайынсыз жоголуп, бүгүн анын жансыз денеси суудан табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кечээ кечке жуук көл жээгинде эркек кишинин дайынсыз жоголуп кеткендиги тууралуу куткаруу кызматына маалымат түшүп, издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок аба ырайына байланыштуу издөө аракеттери токтотулуп, бүгүн, 10-июлда таңкы саат 5:30да улантылып, 6:30да 4 куткаруучу тарабынан жоголгон кишинин жансыз денеси суудан табылган. Каза болгон жаран Ак-Суу районунун 1971-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну экени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shapak1979
2017-07-10 15:21:44
Нурдин куда жаткан жериң жайлуу болсун. Аллахым бейишиңден орун бере көр. Жакшы адам мыкты хирургтардын бири эле(((
+2
chyrok
2017-07-10 15:37:26
Жаткан жериниз жайлуу болсун. Аллахым бейиштен орун бер.Туш болуп калса.Уй булоосуно бир туугандарына Аллах кайрат берсин
+1
kalima88
2017-07-10 16:54:30
Эмне болуп сууга чөгүп кетиптир? Бейиши болсун!
0
Leilona
2017-07-10 21:24:06
Арты кайрылуу болсун!!! Хирург Нурдин байке болчу да!!! Жакындарына конул айтам!!!!
+1
surgeon777
2017-07-11 00:14:25
Нурдин байке менен жакындан тааныш болбосом да жакшы адам,мыкты хирург экенин угуп келгенбиз...абдан окунучтуу,жаш кетти...
Жубайы да жакшы адам,уй-булосуно,жакындарына сабыр берсин,Жараткан оз ырахымына алсын,жайы жаннаттан болсун,оомийин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан