4-июль күнү саат 16:00 чамасында Жаңы-Жол айыл аймагындагы Караган-Сай айылында 1984-жылы туулган эркек адам (1-группадагы майып) Кара-Суу дарыясына агып кеткен. Аны издөө иштеринен натыйжа болбогондуктан жакындарынын ыраазычылыгы менен куткаруу кызматы издөө иштерин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле Токтогул районунда 1-июль күнү саат 18:30дарда Жаңы-Жол айыл аймагынын Бала-Чычкан айылында 1978-жылы туулган эркек адам болжол менен Чычкан суусуна чөгүп кеткен. Маалыматка ылайык, издөө иштери бүгүн уланат.