5 жыл мурун Бишкекте такси кызматкерин өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө тобу буга чейин 2 такси кызматкерин өлтүрүүгө шектелип, издөөгө жарыяланган Ош облусунун тургуну 1993-жылкы И.Б. аттуу жарандын изине түшүшүп, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аны кармашкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 10-июлда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы 12-февралда И.Б. өзүнүн шериктери А.А. жана Б.К. менен бирге такси кызматкерине тоноочулук менен кол салууну сүйлөшүп, түн ичинде борбор калаадагы көчөлөрдүн кесилишиндеги аялдамадан такси кызматкери Б.Эни Мазда 323 унаасы менен жалдашкан. Алар айдоочуга Көк-Жар калктуу конушуна айдоону айтышкан.

"Эч нерседен күмөн санабаган Б.Э. айтылган дарек боюнча жеткирип барганда, шектүүлөр аны булгаары кур менен муунта башташкан, ал эми И.Б. даярдап койгон 4,5 миллиметр калибрлүү пневматикалык куралы менен таксисттин бетине бир нече жолу атып салган. Айдоочу каршылык көрсөтүүнүн уланткандыктан, кылмышка шектүүлөр аны эс учун жоготкуча сабашкан. Андан соң калктуу конуштун четине алып барып, акчасын жана уюлдук телефонун алып кетип калышкан", - деп жазылат маалыматта.

Кийинчерээк 24-февралда үчөөнүн бири А.А. Р. У., К.И. жана А.у.А. аттуу башка жарандардын катышуусунда кезектеги адам өлтүрүү менен аяктаган окуяга катышканы кошумчаланат маалыматта.

"Ал түнү төртөө М.А. аттуу таксистке отурушуп, Ак-Босого калктуу конушуна барышкан. Ал жактан аны да муунтуп өлтүрүп, жеке буюмдарына жана Митсубиси үлгүсүндөгү унаасына ээлик кылып алышкан", - дешкен Бишкек ШИИББинен.

Айтылган окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон. Ошол эле убакта И.Б. издөөгө жарыяланып, 28-июнда кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
RusMos76
2017-07-10 19:58:01
ХХХ адам сымал!!!
0
jbolotov
2017-07-10 20:04:05
Чын эле олтургучтун оздорун кармаган болсо Октябрь райондук кызматкерлери азамат. Рахмат жакшы иштей беришсин.
0
nur...nur.
2017-07-10 21:40:09
ХХХ канча адамды сыздаткан болуш керек
0
TalaCSKA
2017-07-10 22:10:10
nur...nur.,атып салса жазасы женил болуп калат бул айбандын ден соолугун алып туруп омур бою камаш керек ошондо татыктуу жаза алган болот деп эсептейт элем
+1
admin_superstan
2017-07-11 10:19:28
nur...nur., провокация жол жок. Эскертүү!
0
haydarkan
2017-07-10 22:33:02
Кылмыш кырк жылда билинеm. Адам сымал эшшшекmeр. Бешене mер кылып акча mапсан боло. Арзыбаган акчага олтуруп салганын. Кок мее
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан