"Мегакомго" байланыштуу өтүп жаткан соттук процесстин негизги фигураларынын бири болгон орусиялык Леонид Маевскийге карата 3 жыл мурда алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
"Экономикалык кылмыштар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча оперативдүү текшерүүлөрдөн кийин "Стройфарфор" ААКсынын мурдагы башкаруучусу Леонид Маевскийге кылмыш иши козголду. Ал өтө ири суммадагы алдамчылык фактысына шектелип жатат.
Маевский "Юнитайл" компаниясын жетектеп турганда келишим түзүү аркылуу алдамчылык жолу менен "Стройфарфор" ААКсына караштуу 59 миллион 324 миӊ 961 рублду тартып алганы белгилүү болду. Кылмыш иши Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (алдамчылык) боюнча ачылган."
2014-жылы козголгон бул кылмыш ишинин кийинки тагдыры белгисиз. Маалымат kvu.su порталынан алынды.