Японияда күндүн ысыгынан бир жуманын ичинде 6 адам каза болуп, 4241 адам ооруканага жеткирилди. Өлкөнүн "Тез жардам" кызматына шилтеме берүү менен жазган жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, күндүн ысыгынан жабыркаган адамдардын көбү улгайгандар менен жаш балдар. Абанын температурасы 3-июлдан 9-июлга чейин 30-35 градуска жеткендиктен күнүнө 600-700дөй адам ооруканага жаткырылып турган.
Япониянын көпчүлүк аймактарында 12-июндан 18-июнга чейин да абанын температурасы 30 градуска жетип, 700 адам ооруканага жеткирилип, 2 адам каза болгону кабарланган. Өткөн жылы да ушундай эле аба ырайы катталып, 100дөй адам каза таап, 10 миңдейи ооруканага жаткырылган.