Тоңдо 2 унаа сүзүшүп 1 адам каза болуп, 13 адам райондук ооруканага жаткырылды

Тоң районунда 2017-жылдын 10-июлунда саат 21:00 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында Мерседес бенц үлгүсүндөгү (S 89-38 М) унаа менен Вито Минивен (S 16-67 И) үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөнүн бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Вито Минивен унаасынын ичинде жалпысынан 12 адам болгон, ал эми Мерседес бенц унаасында 2 адам. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 13 адам жабыркап, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - делет маалыматта.

Кырсык болгон жерге №38-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу барып, жаракат алган адамдарды унаалардан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-11 10:32:07
Эмне эле болуп атат а?! Не анча кырсыкка жакындап алдык? Качан суперге кирсең жакшы кабар угасың?
0
jbolotov
2017-07-11 13:03:30
Спринтер, минивендерге озгочо ылдамдык чегин киргизиш керек болуп калды. Жолдо журуудо озунчо иш болуп баратат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан