Бүгүн, 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жамгырдан кийин сел жүрдү. Сел Орозбеков айыл аймагында жайгашкан Учкун айылында Кара-Суу дарыясындагы эки көпүрөнү агызып кетти. Мындан сырткары ички унаа жолдоруна зыян келтирилди.
Ошондой эле көмөкчордон кулап, бир айылда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Көтөрмө айыл аймагынан агып өтүүчү Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлгөнү маалым болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.