Бишкектин Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Күбөнүн айтымында, кырсык бүгүн эртең менен саат 08:25 чамасында болгон. Анда эки жеңил унаа сүзүшүп, бири арыкка кирип кеткен.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгына кайрылганыбызда, жол кырсыгы болгонун тастыктап, тиешелүү материалдар топтолуп, кырсыктын чоо-жайы такталып жатканын билдиришти.