Чүй облусунун Москва районунда тоноого шектелген 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-июль күнү Александровка айылындагы базарда 53 жаштагы аялдын колундагы сумкасын белгисиз азиат улутундагы жигит колунан жулуп кеткен. Арыз ээсинин айтымында, сумканын ичинде 432 миң сомдук алтын зер-буюмдар болгон.
"Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, шектүү катары Панфилов районунун 21 жаштагы тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.