"Орусия жүргүзгөн авиачабуулдан улам 300 адам жана "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдади мерт болду". Мындай маалыматты Ирактын жергиликтүү телеканалы "Ас-Сумария" өздүк булактарына таяп жазып чыкты. Маалыматта белгилүү болгондой, террордук уюмдун жетекчисинин каза болушун топтун башка мүчөлөрү видеокайрылуу аркылуу коомчулукка жарыялаган. Ошондой эле уюмдун мүчөлөрүнүн бири аль-Багдадинин орун басары жаңы "халифти" дайындашканын айткан. Бирок анын аты ким экенин "Ас-Сумария" телеканалы тактаган эмес.
Эске салсак, Орусия Сириянын Ракка шаарына 28-майда авиачабуул койгон. 11-июнда Daily Mail басылмасы Раккада Абу-Бакр аль-Багдадинин каза тапканын
жазып чыккан. Анткен менен бул маалыматты согушкер топтун мүчөлөрү тастыктаган эмес. Кийинчерээк ирактык ЖМКлар белгисиз адамдын өлүгүнүн сүрөтүн аль-Багдадинин сөөгү деп таратышканы маалым.
Демек, бул кабар аль-Багдадинин өлтүрүлүшү тууралуу алгачкы маалымат эмес. Буга чейин дагы аталган террордук уюмдун башчысынын өлтүрүлүшү тууралуу бир нече жолу маалыматтар тарап, бирок аны эч ким тастыктаган эмес.
Маалымат үчүн: Абу Бакр аль-Багдадинин чыныгы ысымы Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри. 2014-жылдын июль айында ал "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы катары коомчулукка таанылган. Анда аль-Багдади Ирактын Мосул шаарында "Ислам мамлекети" террордук уюму тарабынан басып алынган мечитте сүйлөп, Жакынкы Чыгышта "ислам халифаты" түзүлөрүн жарыялаган.
"Ислам мамлекети" террордук уюмуна АКШ, Канада, Улуу Британия, Түркия, Египет, Австралия, Тажикстан, БАЭ, Индия, Индонезия, Израиль, Орусия жана Кыргыз мамлекетинде да тыюу салынган.