Таласта жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 11-июль күнү саат 11:00 чамасында Көк-Кашат айылында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен жөө адамды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучунун баш мээси чайкалган. Учурда айдоочу изделүүдө.