Бишкекте "Цзи Сян" Кытай ресторанын карактап, “Альфа-Секьюрити” ишканасынан курал уурдоого шектелгендер кармалды

Бишкекте "Цзи Сян" Кытай ресторанын карактап, “Альфа-Секьюрити” ишканасынан курал уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 6-февраль күнү Бишкектеги "Цзи Сян" Кытай ресторанына куралчан белгисиз адамдар кирип келишип, кассадагы 100 миң сомду алып кетишкен. Бул фактынын негизинде иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Э. уулу У. кармалган. Анын Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн эки тапанча жана 97 миң сом далил зат катары алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э. уулу У. 27-апрель күнү Ж.Б. жана А.Ж. аттуу жарандар менен бирге “Альфа-Секьюрити” ишканасына киришип, ири көлөмдөгү ок атуучу курал уурдап кетишкени белгилүү болгон.

Андан сырткары ошол эле кылмыштуу топ 5-май күнү лифт оңдогон ишканага киришип, 285 миң сом, 30-май күнү Карасаев көчөсүндөгү дагы бир ишканадан 396 миң сом уурдап кетишкен.

Атайын жүргүзүлгөн операциялардын негизинде кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган М.Э., 1984-жылы туулган А.Ж. жана 1989-жылы туулган С.Б. кармалган. Ошондой эле 19-июнь күнү Аламүдүн районунун Бектоо тилкесинде “Альфа-Секьюрити” ишканасынан уурдалган куралдар табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмыштардын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Жылдызбек Бекмурзаев экени аныкталып, издөөгө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-12 12:39:27
опг ылар болсо керек булар
+1
tular
2017-07-13 01:17:31
Альфа Секьюрити деген эмне болгон кузот кызматы? Оздорунун куралын коргой албагандан кийин, башканын коопсуздугун кантип камсыз кылат байкуштар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан