Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки мектеп окуучусун сүзүп, качып кеткен Мирлан Ажибековдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Анда жактоочулар соттук отурумду фото жана видео тасма тартууга уруксат берүү өтүнүчүн келтиришти. Судья Алмазбек Жоошбеков жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Соттук отурум жаңы жактоочунун иш менен тааныша электиги эске алынып, 18-июлга жылдырылды.
Айта кетсек, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа эки мектеп окуучусун сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошол эле күнү шектүү катары 1988-жылы туулган Мирлан Ажибеков аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.