Сокулук районунун тургуну 40 килограмм кара куурай менен кармалды

Сокулук районунун 45 жаштагы тургуну ири көлөмдөгү кара куурай менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Чүй облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу Жаңы-Жер айылынын жашоочусунун үйүн текшерүүгө алышкан. Анда үйүнөн 2 мүшөк кара куурай табышкан. Бул факты боюнча кармалган адамга кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tash-Myltyk
2017-07-12 19:51:00
Кармалган адамдын жанында 100-000 сому жок болуп калган го. А болбосо ушу кармаган кызматкерлерге акчасын корсото койсо,коздору титреп бул ишти замат бутурмок. Кунуно канча деген кылмышкер кармалып жатат бирок алардын баары оордунан акча менен бутуруп,чыгып кетишип жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан