Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн Чоң-Сары-Ой айылында катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2007-жылы туулган А.Н. жана 2008-жылы туулган А.А. Чолпон-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген. Алардын баш мээси чайкалып, бел омурткалары жабыркаган. Учурда жабыркагандардын абалы орто оор абалда.
Алдын ала маалымат боюнча, 35-40 жаштагы аял жана 10 жаштагы бала каза болгон. Унаанын ичинде бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Унааны үй ээси башкарып бара жаткан. Бирок ал жабыркаган эмес.
Азырынча кырсыктын эмнеден улам келип чыкканы белгисиз болууда.