12 жыл мурун, 2005-жылы 13-июлда Пакистандын Готки шаарына жакын жерде жүргүнчү ташуучу 3 поезд кагышкан. Анын кесепетинен 132ден кем эмес адам каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алган. Анда Лахор шаарынан Карачи шаарына бара жаткан поезд ошол жолдо Лахор-Кветти багыты боюнча кетип жатып оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн токтоп турган поездди артынан сүзүп алган.
Кагылышуудан кээ бир вагондор жакынкы рельсте бара жаткан поезд тарапка ыргытылып кеткен.