Сузак районунда сууга аккан баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 9 жаштагы А.Н. 11-июль күнү саат 20:00 чамасында Кара-Дарыя айылынын Нефтепром тилкесинде сууга түшүп жатып, чөгүп кеткен.
"Издөө иштерине 6 куткаруучу тартылган. Натыйжада баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.