Сокулук районунда тепловоз сүзүп кеткен баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сокулук райондук аймактык ооруканасынан билдиришти.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 11-июль күнү эртең менен Бишкек-Сокулук темир жол каттамында болгон. Анда 2000-жылы туулган А.Э. аттуу баланы тепловоз сүзүп алган. Жабырлануучу Сокулук районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Азыркы тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Айрым маалыматтар боюнча, жабырлануучу музыка угуп бара жаткан, мындан улам тепловоздун үн белгисин уккан эмес.