Ысык-Көл ОИИБи: "Бир үй-бүлө мүчөлөрү бараткан унаа мүрзөнүн дубалын сүзүп токтогон"

Ысык-Көл районунда бир үй-бүлө мүчөлөрү бараткан унаа жолдун жээгиндеги мүрзөнүн дубалын сүзүп токтогон. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 12-июль күнү саат 13:50 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 64-чакырымында болгон. Анда Чоң-Сары-Ой айылынын күн чыгыш тарабында 1970-жылы туулган Туратбек Эсенгулов Мицубиси Спейс Стар үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдун түштүк тарабындагы мүрзөнүн дубалын сүзүп алган.

Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын башкы дарыгеринин айтымында, 1972-жылы Нургүл Маданбекова (айдоочунун аялы) жана 2004-жылы туулган Адилет Туратбек уулу (айдоочунун баласы) кырсык болгон жерден жан берген.

"2008-жылы төрөлгөн Али Асанакунов (айдоочунун баласы) жана айдоочунун инисинин баласы 2002-жылы Нургазы Асанакунов ооруканага жеткирилген. Алардын абалы туруктуу, туугандары Нарынга алып кетишти", - дейт башкы дарыгер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан