Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы терроризмге каршы жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалгандыгын жарыялады.
Н.С аттуу 1994-жылы туулган Кыргыз жараны 2015-жылы чет өлкөдө болгон мезгилинде эл аралык террордук уюмдун эмиссарынын үгүтү менен Сирия-Ирактагы чыр-чатак зонасына жиберилген. Ал жакта күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, террористтик жашыруун уюм түзүү максатында Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн.
Учурда кармалган адамдын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 375 (жалданмачылык) беренесинде каралган кылмыш белгилеринин негизинде иш козголду. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.