Ооганстанда мина жарылып, 4 өспүрүм бала каза болду

Ооганстанда мина жарылып, 4 өспүрүм бала каза болгонун өлкөнүн полиция кызматына таянып "Толоньюс" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, окуя 11-июль күнү Баглан провинциясындагы Бурка районунда болгон. Анда балдар ойноп жатып, таап алышкан минага таш ыргытып жиберишкен. Мындан улам мина жарылган. Анын кесепетинен 4 өспүрүм ошол жерден каза болгон.

Окуя болгон жер Кабул шаарынан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жак "Талибан” радикалдык тобунун көзөмөлүндө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан