Санкт-Петербургдагы өрттөн каза болгондордун баары Өзбек жарандары экендиги маалым болду

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Колпинский районунда чыккан өрттөн 7 адам каза тапты. Алардын баары тең Өзбек жарандары экенин "Интерфакс" басылмасы өз булагына таяп жазып чыкты. "Ал жакта 7 адам болгон. Муну ошол өрт чыккан компаниянын директору да тастыктады. Каза тапкандын баары өзбекстандыктар болгон", - деп билдирген маалымат берүүчү.

Кошумчалай кетсек, каза тапкандар тууралуу маалымат Өзбекстандын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жеткирилген.

Эске сала кетсек, 12-июлдан 13-июлга караган түнү Санкт-Петербургдагы "Киров" заводунан өрт чыгып, 600 квадрат метр аянты күйүп кеткен. Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ibragim.osh2016
2017-07-13 18:43:09
Кырылып калбаптыр да ошолор жаман куйдурот адамды паспорт боюнча
-22
aibars
2017-07-13 19:09:14
Ibragim.osh2016, Жандары жаннатта болсун дечи, башка салбасын. Алар дагы уй булоосун багайын деп журуштуда. Отуп кеткен маркумдар жонундо жаман соз айтпай эле коелучу.
+18
Azumi32
2017-07-13 19:10:25
Ibragim.osh2016,бироого олум тилегичек ,озуно омур тиле. Адамдык сапатындан тайба антип.
+14
beko.m
2017-07-14 10:51:07
Ibragim.osh2016,бир жыл мурун Москвада типографиядагы орттон биздин кыргыздар олгондо ушундай комментарийлерди окуп жаман болгон,ошон учун олгондордун артынан жаман суйлобой эле койгулачы.
+2
Tansuluu09
2017-07-13 18:45:55
Жаман болуптур, алыста жургондорду Кудайым ОЗУ сактасын.
Жакын туугандарына сабыр тилейм . Эч кимдин башына тушпосун мындай нерселер ((
+20
BarsBaatyr
2017-07-13 19:44:56
Жайлары жаннаттан болсун!Жакындарына сабыр берсин!
+8
Samina007
2017-07-13 21:25:32
Колпинский райондо эмес Кировский райондо болдуго дейм бул кырсык.
+1
mirlanpiter
2017-07-14 19:48:18
Samina007,Колпинада 2,3 мурда орт болгон,кийин шаарда Кировский завод орттонду
+1
arzygulR
2017-07-15 09:47:34
Жайлары жанаттан болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан