Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Текебаев сотко ишенбестик көрсөтүү боюнча өтүнүч берип, өтүнүч эмнеге негизделгенин түшүндүрдү.
"Сотту чакыртып алуу өтүнүчүн келтирдик. Биздин ар бир өтүнүчүбүз сот мыйзамдарды одоно бузгандыгына байланыштуу болууда. Бүгүн ал "прокуратура соттун курамына кирет" деп соттун укугун прокуратурага берип салды. Биздин адвокаттар далилдеп беришти. Соттун курамы судьялардан турат. Биринчи инстанцияда отурумду жалгыз судья алып барса, жогорку инстанцияларда соттук коллегия алып барат. Сот жаӊылыштыгын моюнга алды, бирок биздин чечимге кандай жооп берет белгисиз. Интернетте юристтер, сабаттуу жарандар кантип эле прокурорлор соттун курамына кирсин деп жатышат. Сот болсо прокурорлордун көрсөтмөсү менен, коллегиядай иш алып барууда. Ушунун өзү сот иши саясий негизде экенин көрсөтөт", - деди Текебаев.
Сот Айбек Эрнис уулу кеӊешүүчү бөлмөгө кирип чыгып, Текебаевдин өтүнүчүн канааттандырган жок.
Интернетте социалдык түйүндөрдө соттун жогорудагы сөзү талкууланууда. Соттук отурум 18-июлда уланары белгилүү болду.