Түп районунда эс алганы барган студенттердин экөө көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Окуя "Факел-Үмүт" аталышындагы пансионаттын жээгинде болгон. Анда Ош мамлекеттик университетинин студенттери эс алып жүрүшүп, алардын экөө көлгө чөгүп кеткен. Кырсык тууралуу маалымат бизге бүгүн саат 13:00 чамасында келип түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучу барып, саат 14:30да көлгө чөгүп кеткендердин биринин, саат 16:30да экинчисинин жансыз денесин суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.