Түп районунда эс алып жаткан 4 студенттин экөө сууга чөгүп каза болду. Экөөнүн абалы туруктуу

Бүгүн, 13-июлда Түп районундагы «Факел-Үмүт» пансионатында эс алып жаткан 4 студенттин экөө сууга чөгүп каза болсо, экөөнүн абалы азыркы учурда канааттандырарлык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, эс алуучулар Ош мамлекеттик университетинин студенттери болгон. Сууга чөккөндөрдүн экөөнүн денеси суудан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

"Дагы 2 студентке медициналык биринчи жардам көрсөтүлдү. Учурда абалдары туруктуу", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
grace
2017-07-13 20:48:55
Этият болгулачы элим.
+2
Aidan88
2017-07-13 21:46:11
Suuda suzgondu bilsek dagy abailaiyly,
+3
Aidan88
2017-07-13 21:47:21
Jatkan jeri jailuu bolsun ,jakyndaryna sabyr bersin,
0
ayjan_90
2017-07-13 22:43:03
Жаткан жерлери жайлуу болсун
+1
Kara-Kulja.Alaikuu1996
2017-07-13 23:56:43
Жаткан жери жайлуу болсун! ОшМУнун мыкты студенттери эс алууга көлгө кетишкен эле
0
Kuba-savai87
2017-07-14 01:04:45
Каап жаман болуптур абайлагыла сузгонду билбесе желет кийип тушушбоптур сууга. ажал да эми.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан