14-16-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ошондой эле кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.
"Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн", - деп билдиришти ӨКМдан.