Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баласынын унаасы терезеси караңгылатылганы үчүн токтотулуп, айып жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, бүгүн ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жайкы сезонго байланыштуу Бишкек-Каракол унаа жолунда рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө Токмок шаарын айланып өтүүчү жолдо терезелери караңгылатылган Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок айдоочу милицияга баш ийбей жолун улап кете берген. Артынан кууп барышкан Патрулдук милициянын кызматкерлери Кеминден араң токтотушкан.
"Унааны Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баласы Каныбек Кулматов башкарып бара жаткан. Ага административдик протокол түзүлүп, унаасы айып жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, рейд жүрүп жатканын, анын алкагында жол эрежесин бузган бир канча айдоочу кармалганын билдиришти. Бирок Каныбек Кулматовдун унаасынын айып жайга киргизилгени боюнча айтышкан жок.