Кечээ, 13-июль күнү "РИА Новости" басылмасы Орусиянын Тышкы иштер министрлигине таянып, Бишкек-Ош унаа жолунда орусиялык туристтин зордукталганын жазган. Маалыматта окуя 3-июлдан 4-июлга караган түнү жолдо болгону, кылмыш иши козголуп шектүүнүн кармалганы айтылган.
Бул боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, зордуктоо фактысы боюнча арыз келип түшкөнүн, азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.
"Жогорудагы зордуктоо фактысы боюнча 4-июлда кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, 1995-жылы туулган орусиялык турист аялдын жанында 30-35 жаштагы дагы бир эркек Орусиянын жараны болгон. Алар Жалал-Абад облусунун аймагынан Ошко бара жаткан оор жүк ташуучу унааны тосушуп, Ошко жөнөшкөн. Жолдо жүк ташуучу унаада жүргүнчү катары бараткан Кыргыз жараны менен 22 жаштагы турист аял спирт ичимдигин ичишип, көлгө түшүшкөн. Ошко баргычакты зордуктоо тууралуу эч кимге айткан эмес. Андан соң ал жактагы Орусиянын консулдугуна кайрылган. Зордукталды делген Орусиянын жараны күйөөсү бар экенин айткан", - деп билдиришти ИИМден.