Кытайда жаш кыздын кийиминин ичинен 102 даана iPhone үлгүсүндөгү смартфон табылды

Гонконгдон Пекинге бара жаткан жаш кыз смартфон жана кымбат-баалуу кол сааттарды аткезчилик жолу менен алып өтүү аракетин көргөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, арыкчырай кыздын баскан-турганы көзгө жат көрүнгөндүктөн тартип сакчылары андан шек санап, сканерден өтүүнү суранышкан.

"Бул учурда кыз денесине 102 даана iPhone үлгүсүндөгү смартфон жана 15 даана кымбат-баалуу кол сааттарды таңып алганы аныкталган. Аткезчилик жол менен жүк алып өтүү аракетин жасаган бул кыз Кытайдын мыйзамы боюнча 3 жылга чейин эркинен ажыратылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aidan88
2017-07-14 20:59:10
Oo 102 daana iphone,10 daana iphone bolso meili.kantip korkpoi jurdu
+7
Revolyutsiya2
2017-07-14 21:54:44
Ал го Кытайдын бир шаарынан (Гонгонг учурда Кытайга карайт) экинчи шаарына телефон ташыган кыз экен... Ошол 102 телефон коп болсо 15кг чыгаар...

"Биздикилер" болсо Гонконгдон Кыргызстанга машинелеп да эмес, самолеттоп ташып жатат го, болгондо да ар рейсинде 80-90 тоннадан 52 рейс!!! (53-рейс кулап калды). Ошондо 4мин тоннадан ашуун контрабандалык смартфон, планшеттер ташылыптыр, 4 000 000 кг!!! Ошондо биздин контрабандачыларга ар бирине 100 жылдан жаза берсе да аз го...
+35
upol92
2017-07-15 00:20:04
Байып кетемгоооо Деп ойлогонго. Биздин чондорго окшоп
+4
Girl1996
2017-07-15 01:37:46
Тооба
0
Mirkgz-1990
2017-07-15 01:42:11
Бул Кыз деле башында бештен ондон ташыса керек ач коздук озунукун алып тындыда акыры
+2
Baiaman07
2017-07-15 08:20:40
Озбек аялдар да Кыргызстандан Озбекистанга ушинтип товар алып отушот эле
0
Rifle_I
2017-07-15 11:55:04
Baiaman07,семиз болсо билинбейт да. :))
0
bakulya2015
2017-07-15 13:28:51
Алмаз акебиз салбады бекен. тооба кылдым.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан