Мындан 34 жыл мурун, 1983-жылдын 15-июлунда Франциянын Париж шаарындагы "Орли" аэропортунда жардыруу болуп, 8 адам каза болгон. Андан сырткары 55 киши жабыркаган. Бул жардырууга шектүү катары Арменияны бошотуу жашыруун уюмунун 51 мүчөсү кармалып, 6 адамга айып тагылган. Терактты уюштурган Варужан Карапетяндын айтымында, жардыруучу зат учактын ичинде жарылмак, бирок эмнегедир эрте жарылып кеткен. Ал жүгү көп болуп жатканын айтып, жардыруучу зат катылган чемоданды жүргүнчүлөрдүн бирине 65 доллар төлөп, аэропорттун ичине киргизип коюшун өтүнгөн.
15-июлга карата жылнаама.