Мындан 42 жыл мурун, 1975-жылы 15-июлда Грузиянын Батуми шаарында учак кырсыкка учурап, 40 адам каза болгон. Учак аэропортко коно албай 15 чакырым алыстыкта аба ырайынын катаалдыгынан улам 594,6 метр бийиктиктеги тоого урунган. Учак кырсыкка учураганда жарылып, күйүп кеткендиктен анын ичиндеги 40 адамдын баары набыт болгон. Каза болгондордун бешөө экипаж мүчөлөрү, 12си жаш балдар болгон. Ал учак Армениянын Ереван шаарынан Грузиянын Батуми шаарына учуп келе жаткан.
15-июлга карата жылнаама.