Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.
Күбөлөр суралууда. Күбө Гүлзат Жумазаева мурдагы юстиция министри Аида Салянова тарабынан Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылганы жөнүндө маалыматы жок экенин айтты.
Салянова күбөгө "экөөбүз бир топ убакыт бирге иштеген экенбиз, мен тараптан сизге Елисеевдин адвокаттык лицензиясы боюнча кандайдыр бир буйрук берилди беле?" - деген суроо узатып, күбө Жумазаева "жок" деп жооп берди.
Мындан тышкары 2 күбөнүн тергөөдө берген көрсөтмөлөрү сот тарабынан окулду.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.