Шанхайда 800дөн ашуун элди алдап 2 миллион доллар тапкан кылмыштуу топ кармалды

Кытайдын ири шаары Шанхайда 49 адамдан турган алдамчылар тобу кармалды. Алар искусство чыгармаларын чогулткан 800дөй коллекционерди алдап, 2 миллион доллардан ашуун пайда көрүшкөн.

Шанхайдагы аукциондук үйлөрүнүн биринин менеджери Чэнь Сюдун 2015-жылы “Цяньцан” аталышындагы өзүнүн жеке ишканасын ачкан. Андагы ишкерлер “искусство чыгармаларын чет элдик аукциондорго коюп сатып беребиз” деп кардарларды табышчу. Макулдук берген кардар аукционго катышуу үчүн сөзсүз түрдө белгилүү өлчөмдөгү каражат төлөчү. Бирок “Цяньцандагы” кызматкерлер буюмдарды эч жакка сатууга коюшчу эмес. Болгону алардын аукционго катышуу үчүн төлөгөн акчаларын алып, кийинчерээк буюм өтпөй калганын билдирип, кайра өздөрүнө кайтарып коюшчу.

Бул ишкана тууралуу полиция кызматкерлерине жабыр тарткан жаран билдирген. Анын айтымында, ал буюмун сатуу үчүн алгач 20 миң юань (2,9 миң доллар), кийин дагы 20 миң юань төлөгөн. Бирок эки жолу тең анын буюмун эч ким албаганын айтышкан. Мындан улам анда шектенүү жаралып, кылмышкерлерди полицияга түшүрүп берген.

Элди алдаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү 12 жылдан 14 жылга чейин эркиндигинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан