Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата өкүм чыгарганын Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева 18-июлда SUPER.KG'ге кабарлады.
Сот аны 14-июлда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга сыртынан камакка алуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарганы маалым болду. Ошондой эле соттун чечимине ылайык, Тойгонбаев 200 эсептик көрсөткүчтө айып пул төлөп, жаза мөөнөтүн абакта күчөтүлгөн режимде өтөп, "Манас" эл аралык аэропортуна 677 миллион 291 миң 300 сом төлөп берүүсү керек.
Эскерте кетсек, 51 жаштагы Адил Тойгонбаев Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаеванын мурдагы күйөөсү болгон. 2005-жылдын август айында КРнын Башкы прокуратурасы Адил Тойгонбаевди камакка алууга буйрук чыгарып, бирок ал Кыргыз жеринен качып кетүүгө үлгүргөн. 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда бошотулган. 15-февралда ал экинчи жолу кармалып, 17-февралда чыгарылган. Тойгонбаев эл аралык издөөдө жүрүп, 2016-жылдын 6-мартында Дубайда кармалып, күрөө менен бошотулган.