"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Жүк ташуучу унаалардын кагылышуусу" деген аталыштагы видео жүктөлдү. (Ник: Sweet_lady)
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 17-июлда Кытайдын Чжэцзян провинциясында болгон. Анда 2 жүк ташуучу унаа кагылышып, жыйынтыгы ири жарылууга алып келген. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.
Окуя ошол жерде орношкон видеокамерага түшүп калган. Видеодон жай ылдамдык менен келе жаткан жүк ташуучу унаа капталындагы унааны сүзгөнүн байкоого болот. Унаанын айдоочусунун айтымында, ал эмне болгонун дароо түшүнө алган эмес.
“Биз сүзүшөр замат жарылуу болду. Мен эмне болгонун көргөнгө жетишпей калдым, болгону катуу чыккан үндү уктум”, - деген ал.
Белгилүү болгондой, унаалардын биринде сыр толтурулган банкалар, биринде металл конструкциялары болгон. Ал эми жарылууга эмне түрткү болгону азырынча белгисиз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.