Владивостокто күзөтчү болуп иштеген 18 жаштагы Кыргыз жараны бир бөтөлкө суу үчүн 52 жаштагы адамдын колунан каза тапты

Кылмышка шектүү болуп кармалган жаранОрусиянын Владивосток шаарындагы дүкөндө күзөтчү болуп иштеген 18 жаштагы А.С. аттуу Кыргыз жараны бир бөтөлкө суу үчүн жүрөгүнө бычак сайылып каза болду. Окуя 16-июль күнү саат 19:00 чамасында "Престиж" аттуу дүкөндүн жанында катталган.

Орусиялык ЖМКлардын жергиликтүү укук коргоо органдарына шилтеме кылып берген маалыматына караганда, мас абалдагы адам дүкөндөн бир бөтөлкө суу алып, акчасын төлөбөй сыртка чыгып кеткен. Аны байкап калган күзөтчү артынан барып, акчасын төлөөнү талап кылган. Бирок ал дүкөндүн арткы тарабына жеткенде күзөтчү Кыргыз жаранынын жүрөгүнө бычак сайып жиберген. Алган жаракатынан улам күзөтчү ошол жерден каза болуп калган. Кылмышка шектүү күзөтчүнүн жүрөгүнө бычак сайып жибергени дүкөндүн видеокамерасына түшүп калган.

Жергиликтүү полиция кызматкерлери 17-июль күнү кылмыш ишине шектүү деп 52 жаштагы Орусия жаранын колго түшүргөн. Ал из жашырып шаардан качып кетүүгө аракет кылып, бирок тилеги ишке ашкан эмес. Факты боюнча кылмыш иши козголду.

Орусиядагы элчиликтин маалымат кызматы SUPER.KG'ге каза болгон жарандын сөөгүн Кыргыз мамлекетине жиберүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Орусияда 18 жаштагы Кыргыз жараны киши колдуу болуп каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
erlist
2017-07-18 21:25:40
18 жащтагы баланы ким охрана кылып койот
-6
fromkg94
2017-07-18 21:34:52
Эхх кайран жаш!!! Окуп алып журогум эзилип кетти, менин иним менен тен болчу экен. Аллахым бейишинен берсин.
+6
shumkar.kg
2017-07-18 22:47:27
Ассалоому алейкум туугандар.Орустар аша чаап баратышат аябай озгорушту.Жайы жанната болсун.
-4
aman0296
2017-07-18 23:00:08
Кай жерде журсонор да аман болгула кыргыз элим!
+4
ALMAAAN
2017-07-18 23:31:03
Ээх кайран бала эчтекени корбой жаш бойунча кете берди
+1
ice87
2017-07-19 00:14:52
окунучтуу
+2
Aidan88
2017-07-19 00:35:59
Baikush 18 jashynda ,ata eneni jakyndaryndy syzdatyp ketipsin da,jatkan jerin jailuu bolsun ,
0
mirbek2211
2017-07-19 01:22:44
Бей ажал өлүмдөн сактасын. Жакшы эле сайганда тийгизбегенге аракет кылган экен жүрөкө кадалыптырда.жаткан жери жайлуу болсун . Кырчын өмүр кыйылыптыр.
0
arzygulR
2017-07-19 04:24:21
Окунучтуу жаткан жери жайлуу болсун
Жакындарына сабыр берсин
0
ziash85
2017-07-19 07:02:51
Орустар бизчилебей бетин ачык эле көрсөтөт экен го кылмышкердин.бизде эле көзүн жаба салышат.неге?
0
cubich
2017-07-19 08:17:53
Мамлекетибиз элибизди жумуш орун менен камсыз кылганда молтурогон,жаш уул-кыздарыбыз КЫРГЫЗ мамлектинен сыртка чыкпай эле иштемек. Мамлекет кедейлигинен уул-кыздарыбыз талаалап журот жана башка элдин колунан канчалаган жаш балдарыбыздан айрылып жатабыз.
+1
Gulum91
2017-07-19 11:33:35
Жаткан жерин жайлуу болсун.
0
Kanatbek81
2017-07-19 13:04:20
кыргыздар охранага иштебей элэ койсо жакшы болот. Орустар тоготпойт мигрант деп.Бизде деле башка улуттагылар охранник болуп бир нерсе десе тоготобузбу? Уурулар кобунчо норкамандар, аларга вообще баарибир...
0
nurda00
2017-07-19 13:12:57
Kanatbek81, маалыматтарга карасак, ал наркоман эмес, врач- офтальмолог и еще сабак отот деп журот, менимче алдын ала пландалган иш
0
Nurbag
2017-07-19 15:13:46
Менин досум болчу
0
Dastan.98
2017-07-20 20:11:11
Менин досум болчу! Жаткан жерин жайлуу болсун досум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан