Бишкек–Ош унаа жолуна 750 метрлик тоннелдин курулушуна старт берилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тоннелдин курулушу заманбап япон технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Тоннель Бишкек–Ош автожолунун 400-чакырымына салынат.
Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Года, JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров жана жергиликтүү тургундар катышты.