Казакстандын батышындагы Мангистау облусунун Каракыян районуна караштуу Курык айылында 17-июлдан 18-июлга караган түнү белгисиз адамдар тобунун арасында ок атышуу орун алып, 6 адам жабыркады. Мындай маалыматты жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Жабыркаган 6 адам тең ооруканага жеткирилген. Ал эми бул жаңжалга шектүү жаран колго түшкөнүн бүгүн жергиликтүү милиция кызматкерлери коомчулукка кабарлады.
Мангистау облусунун Криминалдык полиция башкармалыгынын башчысы Алтынбек Калиев жергиликтүү ЖМКларга: "Жаңжалга катышкандардын жашы болжол менен 18-20 жаштагы жарандар. Алар жардамга өзүнөн улуу агаларын чакырышкан. Арасынан бирөө каршылаштары тарапка ок чыгарган. Жыйынтыгында 20-23 жаштардагы 6 адам жабыркады. 3 адамга райондук ооруканада алгачкы жардам көрсөтүлүп, абалдары турукташты. Ал эми үчөөнүн абалы оор болгондугуна байланыштуу Мангистау облустук ооруканасына алып кетишкен. Учурда кылмышка шектүүлөр колго түшүп, далил буюмдар алынды. Адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатат", - деп билдирет.
Маалыматта белгилүү болгондой, 3 адамдын ичинен экөөнүн абалы туруктуу. Ал эми бирөөнө болжол менен 20дай ок атылган. Азыр анын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнөн чыгарыла элек.