Ысык-Көлдөгү "Аврора+" пансионатындагы жыгачтан салынган коттедж өрттөндү

Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында "Аврора+" пансионатындагы жыгачтан курулган 2 кабаттуу коттеджден өрт чыгып, көлөмү 25 чарчы метр болгон жыгач дубалы күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат кечээ, 18-июлда саат 11:20лар чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр 12:00дөр чамасында өрттү чектөөгө алып, 13:00дөр чамасында толугу менен өчүрүшкөн. Натыйжада жыгачтан курулган коттедждин дубалы, 2 суу жылытуучу жабдыгы, электр чубалгылары, желим эшик жана башка буюмдар күйгөн.

"Өрттөн адамдар жаракат алышкан эмес. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулуусунан улам келип чыккан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан