Кара-Суу районунда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1980-жылы туулган М.Б. аттуу жаран 4-июль күнү жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде кармалган.
"Кармалган жаран Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген. Ал өлкөнүн аймагында террордук акт жасоону пландап жүргөн. Анын жашаган жеринен колго жасалган жардыруучу затка керектүү аммиак селитрасы жана алюминий упасы (пудра) табылган. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын СИЗОсуна киргизилди", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.