Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 адам кулап, бири көз жумду

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн куруучулары кулап кетишти. Бири ошол жерден каза болуп, экинчиси оор абалда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аман калган 25 жаштагы куруучунун абалы оор, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Мээси чайкалып, бир нече жабык жаракаттарды алган.

Маалым болгондой, кырсык Абсамат Масалиев жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, имаратты "Мэрибель" курулуш компаниясы куруп жаткан.

Алтынчы кабаттан кулап каза тапкан куруучунун 2 баласы жана жубайы калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2017-07-19 14:20:13
Люлка узулуп кеткен турбайбы ай кудай ай деги кырсыктан сактай кор.жайы жанаттан болсун .
+8
Hadyja
2017-07-19 20:05:25
Курулуштарды караган министрлик кайда журот?мнеге акча айлык алышат билбейм.
Кабинеттеринен чыгып,иш кылганча,коп деген энелер балдарынан ажырамай болду.
Коноко ошол минстрликти чакырсанар,аябай коп суроолорубуз бар,ошолорго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан