Орусияда Сириядагы согуштук аракеттерге үндөгөн Кыргыз жараны 6 жылга соттолду

Орусияда Сириядагы согуштук аракеттерге үндөгөн Кыргыз жараны 6 жылга соттолду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, соттолгон 36 жаштагы Л.Хакимов аттуу Кыргыз жараны 2015-жылы Астрахань шаарынын тургунун Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга үндөгөн. Ал ага тагылган айыптарды толугу менен моюнуна алып, тергөө менен тыгыз иштешкен.

Л.Хакимов багуусунда аялы жана 5 баласы бар экенин айтып, соттон кечирим сураган. Сот аны 6 жылга эркинен ажыратып, жазасын жалпы режимдеги абактан өтөй турганы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mikra
2017-07-19 14:51:26
Мына сага дагы бир [moderated]ка.паспорт берилип. Озбектер булар.ошон учун улуту деген графаны кайра коюш керек.Атамбаев тантырадыго Манастын паспорту жок болчудеп.Манас менен чогу жургонсуп.Атамбаев башын иштетчи арак ичебербей "улуту"деген графа болгондо айтылмак "Кыргызстандын озбек жараны" деп.баардыгы кыргыз деп айтылып жатат азыр эми.бир уйдун муйузу сынса.бардык уйдун муйузуно доо кетип жатат
+9
BekAmir
2017-07-19 16:35:17
Булар Кыргызды жаманатты кылып буткону калды...
Саткыла дагы паспортту намысы жоктор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан