Бишкекте эки өспүрүмдүн колу-бутун таңып, карактоого шектелгендердин бири кармалды

Бишкекте эки өспүрүмдүн колу-бутун таңып, карактоого шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, белгисиз үч адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Шаар тургунунун арызында 2016-жылдын 24-декабрында белгисиз үч адам үйүнө кирип, эки өспүрүм баланын колу-бутун таңып, 37 миң доллардан ашык акчаны карактап кетишкени айтылган.

"Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде шектүү катары С.А.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми калган экөөнү кармоо боюнча иштер жүрүүдө", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Syn4y
2017-07-19 15:29:52
jakwy olturup ketiwpeptir
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан