Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Жеңижок көчөлөрүнүн кесилишинде Toyoto Camry үлгүсүндөгү автоунаа менен №138-каттамдагы маршруттук такси сүзүшүп, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.
"Ахунбаев көчөсү менен күн чыгышты карай бара жаткан жеңил унаа оң тарапка бурулган учурда кичи автобус аркасынан сүзгөн. Анын кесепетинен жеңил унаа оодарылып кетип, ичинде бара жаткан 4 адам жана кичи автобустагы 2 жүргүнчү медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылышкан", - дейт Таалай Бугубаев.
Андан сырткары ал учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын эки унаа тең айып аянтчасына токтотулганын айтты.