Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө жактоочу Чынара Жакупбекова "Өмүрбек Абдырахманов 2012-жылы гезиттердин бирине Текебаевди каралаган маек берген. Бирок бул жалаасы үчүн ал Текебаевден сотто утулуп калган. Ошондуктан ошондогу соттун чечимин биздин ишке тиркеп коюуңузду өтүнөбүз" деди.
Өмүрбек Текебаев да жактоочусун колдоп, буларга токтолду.
"УКМКнын ишенген адамдары Өмүрбек Абдырахманов менен Азат Базаркулов болушту. Экөөнүн тең айткандары жалган болуп чыкты. Маевский менен Модинди бул ишке көндүрүшкөн. Кийин Модин да Маевскийдин "акчаны Текебаевдин колуна бер" деген сөзүн уккан эмесмин деп айтты".
Андан соң айыпталуучу Текебаев дагы бир өтүнүч келтирди.
"Буга чейин көрсөтмө бергендердин баары Модин тергөөчүлөргө көрсөтүп берген бөлмө Атамбаевдики болгон деп айтышты. Ошондуктан чындыгында ал кабинетте ошол маалда ким отургандыгын билүү үчүн, өкмөттүн иш башкармалыгынан имараттын бөлмөлөрү жайгашкан планын алдырууңузду өтүнөм", - деди Текебаев.
Мамлекеттик айыптоочулар өкмөттүн имараты стратегиялык маанидеги объект болгондуктан каршы болушту. Сот Эрнис уулу өтүнүчтү ачык калтырып, кийинкиде караларын айтты. Соттук иш жумуш күнү бүткөндүгүнө байланыштуу аяктады.