Бишкекте куруучунун өмүрүн алган кырсык боюнча кылмыш иши козголо элек

Бишкекте куруучунун өмүрүн алган кырсык боюнча кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имаратта болгон кырсык боюнча кылмыш иши козголо элек. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын негизинде кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси чечилет", - деп билдиришти Бишкек ШИИББи.

Айта кетсек, кырсык Абсамат Масалиев жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө болгон. Анда эки куруучу түшүп турган каретанын бир жагындагы тросу үзүлүп, бир куруучу жерге кулап түшкөн. Ал эми экинчиси каретаны кармап калууга үлгүргөн. Кырсыктын кесепетинен жерге кулап түшкөн куруучу ошол жерден жан берген. Жабырлануучу болсо ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Syn4y
2017-07-19 20:30:52
Арыз жазбаса козгобой эле койгула. Кыйналып отурасыңарбы
+2
wwwbaxa
2017-07-19 23:31:59
соода күчөп турган маалы экенда...
0
Aidana94
2017-07-20 19:17:43
Козгош керек кылмыш ишин
0
Aidana94
2017-07-20 19:18:29
Эмнеге коопсуздукту сакташпайт салынып жаткан уйдун чондору
0
Aidana94
2017-07-20 19:20:35
АК эмгек менен акча табам деп байкуш ушундай болду да а чондору отурушат жооп бербейби эмнеге тросстун узулгонуно
0
Aidana94
2017-07-20 19:21:09
Аллахым бейиштен орун берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан